Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Министр Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдү


 Болотбек Купешов
Болотбек Купешов

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат расмий төгүндөлдү. Министрлик бул тууралуу 21-сентябрда "Фейсбукта" билдирүү таратты.

20-сентябрда reporter.kg сайты Купешевге кылмыш иши козголгонун жазган. Министрлик басылмадан төгүндөө маалыматын берүүнү талап кылууда. Сайттын кызматкерлери маалымат ишенимдүү булактардын негизинде жазылганын айтышты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы министрге байланыштуу кабар чындыкка дал келбестигин билдирди.

Купешев Кыргызстандын билим берүү жана илим министри болуп 2021-жылдын 5-майында дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG