Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Францияда «СOVID паспортуна» каршы акция өттү


Коронавируска каршы эмдөө тууралуу сертификат.
Коронавируска каршы эмдөө тууралуу сертификат.

Францияда «COVID паспортуна» каршы демонстрациялар өттү. Ушуну менен француздар 10-жекшемби катары менен каршылык акциясына чыгышты.

Бул документке ылайык, жарандар кафе-ресторандарга, маданий жайларга кирүү жана узак аралыкка жол жүрүү үчүн коронавирустан эмделгени тууралуу кагазды, тесттин жыйынтыгын же болбосо жакында эле ооруп айыкканын далилдеши зарыл.

Француз калкынын 65% толук эмделди.

Ал арада Италияда соңку аптада коронавируска каршы эмделгендердин саны 35% көбөйдү. Буга өкмөттүн токтому түрткү болду. Ага ылайык, 15-октябрдан баштап бардык мамлекеттик жана жеке компаниялар вакцинация тууралуу же тест тапшырганы тууралуу документ талап кылынат.

Кыргызстанда 19-сентябрга карата 1 330 259 адам коронавирустан эмделди. Алардын ичинен 764 437 адам вакцинанын бирин, ал эми 565 822 адам эки дозасын тең алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG