Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Талибдер мектепке өспүрүм кыздарды жана мугалим эжелерди киргизген жок


Ооганстандагы башталгыч класстын окуучулары. 5-сентябрь, 2021-жыл.
Ооганстандагы башталгыч класстын окуучулары. 5-сентябрь, 2021-жыл.

18-сентябрда Ооганстандын мектептеринде окуу жанданды. Бирок өспүрүм кыздарга жана мугалим аялдарга мектепке кирүүгө уруксат берилген жок. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы класстарга кайтууга эркек балдарга жана мугалим агайларга гана уруксат берди.

Талибдер мурдараак өлкөдө башкаруу режими 1996–2001-жылдардагыдай катаал болбосун айтышкан. Бирок 17-сентябрда Билим берүү министрлиги мектептер медресе катары эркек балдар үчүн гана ачыларын жарыялады. Алтынчы класстан жогорку курактагы кыздар мектепке бара албайт.

Башталгыч класстарда кыздар менен балдар экиге бөлүнүп окушат. Айрым мугалим аялдар да мектепке кайтышкан.

ЮНИСЕФ Ооганстандагы орто мектептер балдарга эшигин кайрадан ачканын кубаттаган. Бирок кыздардын билим алышына тыюу салынганына кабатырлыгын билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө "Жогорку класстагы кыздар да билим алуусун жандантканы өтө маанилүү. Бул үчүн бизге аял мугалимдер да керек", - деп жазылган.

Акыркы 20 жыл аралыгында Ооганстанда кыздардын билим алуусу уланып, сабаттуу аялдар 30% өскөнү кабарланган. Студенттер кыз-эркек деп бөлүнбөй, чогуу окушкан. Талибдердин азыркы талабы боюнча окуу жайларда кыздар менен уландар бөлүнүп окушат. Кыздар сабакта көзү гана көрүнгөн никаб менен бүт денени жапкан кенен көйнөк кийүүгө милдеттүү.

17-сентябрда Кабулдагы аялдар департаментинин имараты Намаз жана пайгамбарды мактоо министрлигинин имараты болуп өзгөртүлдү. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) 7-сентябрда түзгөн өкмөттүн курамында аялдар департаменти жоюлуп, ордуна диний министрлик кошулган.

Талибдердин 1996-2001-жылдардагы бийлиги учурунда бул министрлик адеп-ахлак полициясы катары кызмат кылып, шарият мыйзамдарын аткарбагандарды эл көзүнчө жазалоо иштерин аткарып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG