Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

“Улуттар биримдиги" жана "Көзөмөл" саясий партиялары шайлоого чогуу катышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик партиясы менен “Көзөмөл” коомдук кыймылынын башчысы Айбек Турганбаев парламенттик шайлоого биргелешип катышат. Бул тууралуу билдирүүнү "Улуттар биримдиги" партиясынын штабы 18-сентябрда таратты.

“Улуттар Биримдиги” партиясы жана “Көзөмөл” бирикмесинин мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн күч-аракетин бириктирүүгө, мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан маселелердин укуктук, саясий жана социалдык аспектилерине чогуу таасир этүүгө ниеттенүүдө", - деп жазылган билдирүүдө.

Мурдараак "Улуттар биримдиги" партиясы парламенттик шайлоого "Мекен сакчысы" коомдук бирикмеси менен чогуу бара турганы, бул боюнча атайын келишим түзүлгөнү кабарланган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга 75 партия арыз тапшырган. Учурда бир мандаттуу округдардан талапкерлер БШКга арыз тапшыра баштады.

Саясий уюмдар 13-октябрга чейин курултай өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, тиешелүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG