Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Кумтөр: Нью-Йорктогу сот Кыргызстанга санкция салуу тууралуу арызды четке какты


Кумтөр алтын кени. 15-июнь, 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени. 15-июнь, 2021-жыл.

Кумтөр алтын кенине байланыштуу ишти караган Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сот Кыргызстанга санкция салуу тууралуу “Центерра Голд” колдогон адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Мындай чечимди судья Лиза Г. Бекерман 15-сентябрда видео-конференция режиминде өткөн соттук отурумда кабыл алды. Ал өз чечимин жарыялап жатып, Кумтөргө байланыштуу “автоматтык токтото туруу тартиби” азырынча бузулду деп айтууга болбой турганын билдирди.

"Кумтөр Голд" жана "Кумтөр Оперейтинг" компанияларынын атынан иш алып барып жатканын айткан Sullivan & Cromwell LLP юридикалык фирмасы 25-августта Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчү менен Нью-Йорктогу сотко арыз жолдогон. Аталган фирма бир күндүк санкциянын өлчөмүн 1 миллион доллар деп белгилеген.

Адатта “автоматтык токтото туруу” режими (Automatic stay) АКШдагы банкроттуулук боюнча сотко алгачкы арыз келип түшкөндөн тартып ишке киришет. Кошмо Штаттардын банкроттуулук боюнча мыйзамына ылайык, мындай тартип күчүндө турган учурда дебитор же карызкор тарапка каршы кандайдыр чара көрүүгө же доо коюуга болбойт.

Sullivan & Cromwell LLP Кыргызстанда Кумтөрдүн тегерегинде жүрүп жаткан соттук жараяндар, тышкы башкарууну узартуу сыяктуу бир катар аракеттер "автоматтык токтото туруу режимин" бузду деген жүйө менен сотко кайрылган эле.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Нью-Йорктогу сот октябрь айында кайра уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG