Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Айсулуу Тыныбекова алдамчылар жөнүндө эскертти


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарда анын атынан "фейк" баракчаларды ачып, алдамчылык менен акча табууга аракет кылып жаткандар бар экенин эскертти. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына жалган акцияларга ишенбөөгө чакырат.

“Менин атымдан белгисиз адамдар “Фейсбукта” "фейк" баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, - деп жазды.

Социалдык тармактарда Тыныбекованын сүрөтүн пайдаланып, ар кандай оюндарды өткөрүп, акча убада кылган баракчалар пайда болду.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло (Париж, 2017-ж.) медалын тагынган. Токио Олимпиадасынын күмүш ээси. Азиянын төрт жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG