Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

БШК: Шайлоочулар саны 81 миңге көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тизмеге 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан бул дээрлик 81 миңге көп.

Шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алат. Такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат.

Бир ай мурда БШК шайлоочуларга кайрылып, паспортундагы дарегин бир сыйра тактап коюуга чакырган.

Мекеме белгилегендей, 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Жергиликтүү тургун деп таанылышы үчүн анын паспортундагы дареги чыныгы жашаган жери менен дал келүүсү шарт. Ошондуктан шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден тактап, эгер зарыл болсо дарегин тууралашы керек. Бул үчүн каттоо бекеттерине кайрылуу талап кылынат.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, келерки парламенттик шайлоодо 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен, ал эми 54 депутат бирдиктүү шайлоо округундагы ачык тизме боюнча пропорционалдык система менен шайланат. Шайлоо 28-ноябрда өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG