Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Акыйкатчы Нарматованын кармалышына байланыштуу түшүндүрмө талап кылууда


Орозайым Нарматованы бошотууну талап кылгандар. Бишкек. 10-сентябрь, 2021-жыл.
Орозайым Нарматованы бошотууну талап кылгандар. Бишкек. 10-сентябрь, 2021-жыл.

Акыйкатчы Токон Мамытов активист Орозайым Нарматованын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылат.

Омбудсмендин басма сөз кызматы маалымдагандай, Токон Мамытов активисттин Ош аэропортунан кармалышы, күбө катары суралып жатып, Бишкекке эмне себептен жеткирилгенин түшүндүрүп берүүнү өтүнөт.

Акыйкатчы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, түн ичинде кайра аны жокко чыгаруусун да белгилеп, буга түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

"Акыйкатчы Токон Мамытов 10-сентябрь күнү саат 23:00дө активист Орозайым Нарматованын ишин карап жаткан тергөөчү менен жолугуу үчүн Ички иштер министрлигине барган. Акыйкатчыга ИИМдин иликтөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов активист бир саат мурда бошотулганын, ал эми аны менен иштеген тергөөчүлөр үйүнө кетишкенин билдирген", - деп жазылган маалыматта.

Токон Мамытов ИИМдин алдында барган жакындары менен тарапташтарына да Орозайым Нарматованын бошотулганы тууралуу маалымат берилбегенин аныктаган.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү кечке жуук активист күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирди.

“Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө алып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп бүткөн соң күбө катары суралган Орозайым Нарматова кое берилди”, - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Активист Орозайым Нарматованын кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана активисттер сындап чыгышты.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG