Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Байден 11-сентябрдагы теракт тууралуу документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берди


Нью-Йорктогу чабуулга кабылган имарат.
Нью-Йорктогу чабуулга кабылган имарат.

АКШ президенти 2001-жылы 11-сентябры тууралуу жарым жылдык документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берди.

Жо Байден жабык маалымат коомдук кызыгууну күчөтөт жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт.

Байден бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу убадасын шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айткан. Мындай талапты 20 жылдан бери маркумдардын жакындары коюп келет. Алар бул кол салууга Сауд Арабиясынын тиешеси бар деп эсептешет. Буга жанкечтилердин көбү падышалыктын атуулу болгону түрткү берген. Курман болгондордун жакындары ФБР Вашингтон менен Эр-Рияддын мамилесин бузбаш үчүн далилдерди жок кылган деп шек санашат. АКШ жана Саудиянын бийликтери бул дооматты бир нече жолу четке каккан.

2001-жылы 11-сентябрда жихадчылар төрт жүргүнчү учагын барымтага алган. Алардын экөө Нью-Йорктун Манхэттен районундагы Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун эгиз имараттарын сүзгөн. Үчүнчү лайнер Вашингтондогу Коргоо министрлигинин имаратын көздөй бет алып, Пентагондун чыгыш тарабын сүзгөн. Төртүнчү лайнердин командасы жана жүргүнчүлөр басып алуучулардан башкарууну тартып алууга аракет кылган. Учак Пенсильвания штатына кулаган.

Террордук чабуулдун айынын үч миңдей киши каза таап, тарыхта эң көп курмандыктар катталган теракт катары калды.

Бул кандуу окуяга жоопкерчиликти Кыргызстанда жана көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган "Ал-Каида" террордук уюму алган. Анын негиздөөчүсү Усама бен Ладен Ооганстанда, "Талибан" террордук тобунун калкалоосунда болгон.

Кол салуудан кийин Вашингтон операция баштай турганын жарыялаган. Муну менен бен Ладен жана "Ал-Каиданын" жетекчилерин колго түшүрүп, америкалык сот жоопкерчилигине тартууну көздөгөн. Бул АКШнын Ооганстанга аскер киргизүүсүнө бирден бир себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG