Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Кой-Ташта каза болгон офицердин апасынын арызы боюнча сот чечими чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таш окуясында каза болгон офицер Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Kaktus Media басылмасына карата доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 3-сентябрда “Медиа Полиси Институту” уюму билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамаеванын саясатчы Равшан Жээнбековго каршы ар-намысты коргоо жана моралдык зыян боюнча доо арызына байланыштуу чечимин жарыялады.

Доо айрым интернет басылмаларга да коюлган.

Бүгүн сот доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, Жээнбековдун айткандарын “чындыкка дал келбейт” деп тааныды жана ага 50 миң сом айыппул салды.

Ал эми интернет басылмаларга карата доосун Мамаева соттон кароосуз калтырууну өтүнгөн.

Быйыл 18-январда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отурумунда Мамаева күбө катары катышып жаткан Жээнбеков менен айтыша кеткен жана кийин аны уулун адам өлтүрүүгө айыптады деп сотко берген.

Жээнбеков ар бир адам сотко кайрылууга укугу бардыгын, Ниязбеков тууралуу айтканы чын экенин, ошондой кадамга барууга Мамаеванын "адам чыдагыс" айыптоолору түрткү болгонун билдирген.

“Медиа Полиси Институтунун” сотто Kaktus Media басылмасынын кызыкчылыгын коргогон юристи «Жээнбековдун сөзү сот залында элдин көзүнчө айтылгандыктан маалымат тараткан жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликтен бошотулат» деп белгиледи.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө өткөн. Бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG