Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:01

Акжол Махмудовго батирдин сертификаты жана 10 миң доллар тапшырылды


Акжол Махмудовго белек тапшыруу учуру.
Акжол Махмудовго белек тапшыруу учуру.

Токио-2020 олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэри менен президенттин өкүлү эки бөлмөлүү батир жана 10 миң АКШ долларын тапшырды.

Батирди мэр Алмаз Мамбетов "Ош шаардык мэриясынын, Ош облустук администрациясынын, шаардык кеңештин атынан"деп тапшырганы менен, мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" белекти демөөрчүлөр бергенин айтты. Бирок демөөрчүнүн тек-жайын маалымдаган жок.

"Мэриянын бюджетинен 200 миң сом Махмудовго жана анын машыктыруучурларына бөлүндү. Батирди жергиликтүү курулуш компаниялардын бири берди. Анын атын ачыктай албайбыз", — деди Ош шаардык мэриясынын кызматкери.

Ошентсе да батирдин сертификатын тапшыруу учурунда тартылган сүрөттөн "Визион Групп" курулуш компаниясынын эн белгисин байкоого болот.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы 10 миң доллардын азыраак бөлүгүн Зиядин Жамалдинов, калганын спорт сүйүүчүлөрү бергенин айтты.

Калаа бийлиги акыркы жылдары бизнесмендерди отургучтарды орнотуудан тартып, стадионду оңдоого чейинки иштерге демөөрчү катары тартып келет. Муну ишкерлер менен жең ичен соодалашуу же аларга опуза көрсөтүү деп сыпаттагандар да бар.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG