Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Беларустан качкан жеңил атлетчи медалын 21 миң долларга сатты


Кристина Тимановская, Олимпиададан соң Польшадан башппанек тапкан беларусиялык жөө күлүк.
Кристина Тимановская, Олимпиададан соң Польшадан башппанек тапкан беларусиялык жөө күлүк.

Токидогу Олимпиада оюндарында беларус спорт чиновниктерин сындаганы үчүн мелдештен четтетилген жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа оюндарынан алган медалын 21 миң АКШ долларына сатканын Беларустун спорттук тилектештик фонду кабарлады.

Кристина Тимановскаянын медалын аукциондон Америка Кошмо Штаттарынын жараны соңку сумманы сунуштап, сатып алганын Naviny.by сайты жазды. Сатып алган кишинин аты-жөнү ачыкка чыгарылбайт.

Кристина Тимановская медалын сатуудан түшкөн акчасын Александр Лукашенкого каршы чыккан акцияларга катышып, куугунтук көргөн спортчулардын башын бириктирген Беларустун спорттук тилектештик фондуна которот.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракеттенип, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураган. Тимановскаяга Польша саясий баш калка берип, гуманитардык виза менен ал Варшавага учуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG