Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Милиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдө


Темирлан Султанбеков. Архивдик сүрөт.
Темирлан Султанбеков. Архивдик сүрөт.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 27-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева билдирди:

"Милиция кызматкерлери бир катар ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, жыйынтыгында жогорудагы факт Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталган. Темирлан Султанбеков өзү 26-август күнү болжол менен
саат 18:30 чамаларында кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп
берүүнү суранган".

Мекеменин маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлдү.

Султанбеков милицияга окуя 26-августка караган түнү болгонун, айдоочу менен Кой-Таш айылын көздөй баратып уктап кеткенин, катуу үн чыкканда ойгоно түшкөнүн, машинанын ал отурган оң жак терезесинин айнеги сынганын айтып берген.

Ал өзү да, айдоочусу да жабыркабаганын билдирип, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Султанбеков окуя тууралуу “Фейсбукка” жазып, “Менин машинама атышты. Атылганы катуу жана даана угулду. Балким мени коркутуу же бир нерсени эскертүү болду” деп билдирген.

Жаш саясатчы 2019-жылдан бери камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал “Социал-демократтар” партиясын жетектеп, быйыл 11-июлда Бишкекте өткөн жергиликтүү шайлоого катышкан. Партияга шаардык кеңештеги 45 мандаттын бешөө тийген. Беш депутаттын бири Атамбаевдин уулу.

Султанбеков 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкектеги башаламандык үчүн кармалып, кийин кое берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG