Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болду


Жамбылдагы аскердик кампадагы жарылуу.
Жамбылдагы аскердик кампадагы жарылуу.

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн аймагында катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Коргоо министрлиги кабарлагандай, 26-август кечки саат жетилерде кампалардын биринде жарылуу болгон.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жарылуунун себептери иликтенип жатат. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар түшө элек.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган.

Окуяга байланыштуу 12 аскер ар кандай мөөнөттөргө эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG