Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Улуттук борбор Сүлүктүдөгү оорукана боюнча прокуратурага экинчи ирет кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Баткендин Сүлүктүдөгү улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн ооруканадагы мыйзам бузуулар туураалуу экинчи ирет прокуратурага кайрылды.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү алгач июнь айында аталган ооруканада текшерүү жүргүзүп, ашпозчулардын, кызматкерлердин санитардык китепчелерине мөөр басылбаганы, муздаткычта чийки жана даяр тамактардын аралаш сакталганы, тийиштүү дары-дармектердин жоктугу, айрым түрлөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталганын кабарлаган. Улуттук борбор тийиштүү акт түзүп, проркуратурага кайрылган.

25-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор кайрадан текшерүү жүргүзүп, абал өзгөрбөгөнүгө байланыштуу экинчи ирет Сүлүктү прокуратурасына кайрылды. Учурда Сүлүктү ооруканасы жана прокуратурасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG