Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

"Талибандын" ардагерлери жогорку кызматтарга дайындалды


"М16" заманбап автоматын кармаган талиб согушкери шериги менен. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин алды. 16-август, 2021-жыл.
"М16" заманбап автоматын кармаган талиб согушкери шериги менен. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин алды. 16-август, 2021-жыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттары “Талибандын” ардагерлери Ооганстанда чечүүчү кызматтарга дайындалып жатканын жазышты.

«Пажхвок» агенттигинин маалыматына караганда, 25-августта ардагер талибдер - Гүл Ага финансы министри болсо, Садр Ибрагим ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

«Аль-Жазира" телеканалы мурда Гуантанамодо түрмөдө отуруп чыккан молдо Абдул Кайюм Закир коргоо министри болгонун кабарлады.

Reuters агенттиги “Талибандын”мүчөсү бул дайындоолорду тастыктаганын билдирди. Ал 20 жыл бою согушка катышкан, тажрыйбалуу талаа командирлери эми губернаторлук кызмат орундарын ээлей турганын кошумчалаган. Талибдердин кол башчыларынын бири дайындоолор убактылуу экенин айтты.

Гүл Ага Исхакзай 2020-жылы БУУнун санкцияллык тизмесине киргизилген. Уюм Гүл Ага “Талибан” кыймылын негиздеген молдо Омордун жакын досу экенин жана талибдердин казынасына жооп берип келгенин маалымдаган.

Абдул Кайюм Закир болсо талибдердин мурдагы аскер башчысы жана молдо Омордун жакындарынын бири катары сыпатталган. Ал 2001-жылы АКШ Ооганстанга киргенде кармалып, Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө 2007-жылга чейин отуруп, кийин ооган өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

Ички иштер министрлигин жетектей турган Садр Ибрагим дагы талибдердин таасирдүү лидерлеринин бири катары саналат.

Өткөн аптада Хажимухаммад Идристи Ооганстандын Борбордук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындалган. Кыймылдын жогорку даражалуу мүчөсүнүн айтымында, анын карьерасы «Талибандын» мурдагы жогорку кол башчысы молдо Ахтар Мансурдун учурунан башталат.

Талибдер 15-августта Кабулду каратып алган, ошондон бери чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар кызматкерлерин Ооганстандан чыгара баштаган. Он миңдеген оогандыктар үй-жайын таштап качууга мажбур болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG