Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Киевде "Крым платформасы" саммити башталды


Коллаж. Аннексияланган Крымдын элеси.
Коллаж. Аннексияланган Крымдын элеси.

Киевде 23-августта Украинанын эгемендигинин 30 жылдыгына карата мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого арналган “Крым платформасы” эл аралык форуму ачылды.

Анда украин бийлиги Орусия тарабынан 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралын кайтарып алуунун жолдорун талкуулай турганы белгиленди.

Украинадан сырткары бул эл аралык конференцияга АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Грузия, Түркия, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония жана Канада баш болгон 45 мамлекеттен өкмөттүк делегациялар келди. Алардын арасында тогуз президент, төрт премьер-министр, 14 тышкы иштер министри жана калганы элчилер бар.

Эл аралык форумда Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын гуманитардык жана коопсуздук маселелери боюнча негизги көйгөйлөрүнүн айланасында кызуу талкуулар жүрдү.

Орусия саммиттин өтүшүнө каршылыгын билдирген.

Форум башталганга чейин Орусиянын бийлиги Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Даниловго санкция киргизди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2020-жылы сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында Крымды, Азов жана Кара деңизди орусиялык оккупациядан бошотууну колдогон өлкөлөрдүн коалициясын түзүү үчүн “Крым платформасын” сунуштаган. Азырынча бул демилгеге Орусиянын баскынчылыгын айыптаган БУУнун 2014-жылдагы резолюциясын колдогон мамлекеттердин жарымы кошулду.

Киев “Крым платформасын” жарым аралды Украинага кайтарууга өбөлгө түзө турган туруктуу аянтчага айлантууну көздөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG