Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

 Айсулуу Тыныбекова: Париж Олимпиадасына катышам (видео)


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медал алган Айсулуу Тыныбекова мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда сүйлөп жатып, Парижде өтө турган кийинки Олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди.

“Күмүш медалымды мамлекетибиздин эгемендигинин отуз жылдыгына арнаймын. Буюрса, ден соолук болсо, келе жаткан Париждеги Олимпиада оюндарына катышам”.

Айсулуу Тыныбекова 7-августтагы маалымат жыйынында "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып кийинки Олимп оюндарына катышары али белгисиз экенин билдирген эле.

23-августта президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн XXXII Олимпиада оюндарында медал алган спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом, "Toyota RAV4" автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана "Toyota RAV4" үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага да III даражадагы "Манас" ордени, 7 млн. сом, "Toyota RAV4" үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG