Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Иранда өспүрүмдөргө нике кыйган учурлар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын расмийлери 2019-жылга караганда 2020-2021-жылдары өспүрүм курактагыларга нике кыйган учурлар көбөйгөнүн маалымдаган.

Ирандын мыйзамы боюнча кыздарга 13 жаштан турмушка чыкканга, уул балдарга 15 жаштан үйлөнүүгө уруксат берилген. Бул курактан ылдыйкыларга ата-энесинин макулдугу менен нике кыйылышы мүмкүн.

Бирок Ирандын Статистика мекемесинин билдиришинче, азыркы учурда өлкөдө 10-14 жаштагы кыздарды турмушка берген учурлар 2019-жылга караганда 10,5 пайызга өскөн. Андагы статистикалык маалымат боюнча 2020-жылы нике жашына жете элек 28 миң 373 жубай баш кошкону көрсөтүлгөн.

Бирок бул сан никеси расмий түрдө мамлекеттик каттоодон өткөндөрдүкү гана. Ошондуктан никеге турган өспүрүмдөрдүн саны мындан бир топ жогору болушу мүмкүн экени айтылды.

Кыргызстанда кыздарга никеге турууга 18 жаштан уруксат берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG