Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Таласта акындардын республикалык айтышы башталды


Таластагы айтыш.
Таластагы айтыш.

Таласта СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана Эгемендиктин 30 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы башталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Фархат Бекманбетов билдирди.

"Айтыш эки күнгө уланат. Ага атагы чыккан 16 акын ат салышууда. Эртеңки айтышка сегиз акын катышат. Байге фонду 1 млн. сомду түзөт. Аны коомдук ишмер Райкан Алканов колдоп жатат.

Тандоо туруна жалпы 43 акын катышкан.

Эстебес Турсуналиев өмүрүнүн 60 жылын чыгармачылыкка арнап, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген.

Төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, ыр да жазган. "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептердин автору.

2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG