Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:06

Кыргыз-тажик чек арачылары "Головнойдогу" жер казуу боюнча сүйлөшүүдө


Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 22-августта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Головной" тилкесинде тажик тарап эртең мененки саат 11:15 чамасында жер казууну улантып, казылган траншеяларга цемент куя баштаган. Азыркы тапта эки өлкөнүн чек арачылары маселени чечүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат, абал тынч.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кечээ, 21-августта "Головной" тилкесинде тажик тарап жер каза баштаганда бул ишти токтотуу тууралуу эскертүү берген. Кечке маал жер казууну токтотушкан. Бирок бүгүн казылган чуңкурду цемент менен бекемдөө уланган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Головной" тилкесинде башталган.

Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак, ал Ички иштер министрлигинин атайын кайтаруусунда турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG