Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Ооганстандагы түрк аскерлери Тажикстанга эвакуацияланды


Кабул аба майданы.
Кабул аба майданы.

Бүгүн, 21-августта Тажикстанга Түркиянын төрт аскердик учагы конду.

Дүйшөмбүдөн 200 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан аба майданына түркиялык аскерлер Ооганстандан эвакуацияланганын "Азаттыкка" өздүк булактар кабарлады.

Буга чейин Түркия 500дөй аскери НАТОнун тынчтык миссиясы менен Ооганстанда кызмат өтөп жатканын билдирген. Тажикстанга канча аскери келгени такталган эмес.

Ушул эле күнү Өзбекстанга Ооганстандан 400дөй качкын барганын Орусиянын ТАСС агенттиги маалымдады. Ооганстандыктар чек арадан кантип өткөнү белгисиз.

Буга чейин Бахрейн, Британия, Дания, Германия, Италия, Казакстан, Кувейт, Катар, Түркия, Тажикстан, Бириккен Араб Эмираттары ооган качкындарына транзит берери аныкталган.

Ташкент Ооганстандагы белгилүү талаа командири, өзбек тектүү Абдул Рашид Дустум баштаган аскерий топ өлкөгө киргени тууралуу кабарды төгүндөгөн.

20-августта Өзбекстан талибдердин талабы менен Ооганстандан барган 150 качкынды кайра кайтарганын жарыялаган.

"Чет элдик өнөктөштөр менен Ооганстандын атуулдарын Өзбекстандан транзиттик жол менен алдын ала макулдашылган өлкөлөргө жиберебиз", - деп билдирди Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги .

15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

АКШнын президенти Жо Байден 20-августта Ооганстандан 13 миң адам чыгарылганын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG