Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Ондон ашык мамлекет ооган качкындарына транзит болууга даяр экенин билдиришти


Ооганстандан качкандар.
Ооганстандан качкандар.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо 20-августта Конгрессте сүйлөп жатып, дүйнөдөгү 12 өлкө Ооганстандан качкандарга транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин кабарлады.

Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты. Блинкендин айтымында, Бахрейн, Улуу Британия, Дания, Германия, Италия, Казакстан, Кувейт, Катар, Тажикстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан качкындарга транзит берүүгө макул болгон.

Албания, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Чили, Косово, Түндүк Македония, Мексика, Польша, Катар, Руанда, Украина жана Уганда ооган качкындарына башпаанек бере алары белгилүү болду.

Мындан тышкары АКШ менен Европанын айрым өлкөлөрү акыркы 20 жыл ичинде Ооганстандагы чет элдик аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, талибдердин куугунтуугуна кабылган оогандыктарга баш калка берет.

Тажикстандын бийлиги бул багытта расмий түшүндүрмө бере элек. Бирок, 20-августта Кулябдагы эл аралык аэропортко эки аскерий учак конгонун "Азаттыктын" тажик кызматына жеке булактар маалымдаган.

Учактар Ооганстандан же Түркиядан келгени белгисиз.
15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качып чыккан.

АКШнын президенти Жо Байден 20-августта Ооганстандан 13 миң адам чыгарылганын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG