Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

Кабул: аэропорттогу башаламандыкта жети киши каза болду


Кабул. Ооганстандан чыгып кетүү үчүн учакка жармашкан адамдар. 16-август, 2021-жыл.
Кабул. Ооганстандан чыгып кетүү үчүн учакка жармашкан адамдар. 16-август, 2021-жыл.

16-августта Кабул аба майданында өлкөдөн чыгып кетүүгө ашыккан адамдар кымгуут түшүп, аэропортто тыгын пайда болду. Аэропортко агылып, учуу тилкесине чейин кирип барган кишилердин башаламандыгы учурунда жети адам тебелендиде калып каза болду.

Интернетке тараган тасмада адамдар жылып бараткан учакка жармашып, ичине кирүүгө аракет жасаганын көрүүгө болот.

Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени айтылганы менен анын азыр каякта экени белгисиз. Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин дүйшөмбүгө караган түнү "Фейсбукка" жазды. Анда ал оор чечим кабыл алууга туура келгенин белгилеген. Гани эгерде Кабулда калса, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты.

"Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани.

Талибан жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчоого алган. Өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандагы президенттик сарай толугу менен алардын колуна өткөнү жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG