Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:51

Пакистан Ооганстан менен чек арасындагы өткөрмө бекетти жапты


Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы Чаман өткөрмө бекети. 13-август, 2021-жыл.
Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы Чаман өткөрмө бекети. 13-август, 2021-жыл.

Пакистан Ооганстан менен чек арасындагы эң башкы өткөрмө бекеттердин бири Торхамды жапты. Чек аранын бул аймагы талибдердин колуна өткөн.

Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмад бул чечим чек аранын экинчи тарабындагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын айтты. Ал чек ара ооган полициясы талибдерге багынып бергенден кийин жабылганын Goe TV телеканалына курган маегинде белгиледи.

Пакистандын бийлиги буга чейин эле жаңы ооган качкындарын кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Учурда талибдер Ооганстандын баш калаасы Кабулду курчап турушат. Ага чейин Ооганстандагы ири шаарлардын көбү талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG