Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Абанын ысышынан айрым өлкөлөр жоголот


Индиядагы соолуп калган Чандола-лейк көлүнүн орду.
Индиядагы соолуп калган Чандола-лейк көлүнүн орду.

Польшада куруучулар кара тумоодон каза тапкандардын көрүстөнүн кокусунан таап алышты. Климаттын өзгөрүшүнөн улам жоголуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөрдүн аты аталды. Тарыхый окуялардын жүрүшүн өзгөрткөн Манцикерт беттешинин орду аныкталды. "Азаттыкта” бул жумадагы илим жаңылыктары.

Польшанын Варминско-Мазурское аймагында турак жай комплексинин курулушу жүрүп жаткан жерден археологиялык эстелик табылган. Ал 4000 жыл мурунку кыштак жана XVIII кылымдын башында каптаган кара тумоодон улам каза тапкандар массалык түрдө көмүлгөн жер болуп чыккан.

Куруучулар адам сөөктөрүн таап алгандан кийин курулуш иштери токтотулуп, археолгиялык казуулар башталган. Nauka w Polsce сайты билдиргендей, табылган бул археологиялык эстелик бир канча маданиятка таандык өзгөчөлүктөрдү сактап калганы үчүн илим үчүн баалуу.

Археологиялык казуулар бир канча жумага созулду. Анализ көрсөткөндөй, табылган адам сөөктөрү 1710-1711-жылдары ушул аймактагы атайын көрүстөнгө коюлган. Окумуштуулар бул ошол кезде Мазурияны каптаган кара тумоонун курмандыктары деп эсептейт. Изилдөөнүн тең автору Агнешка Яремек “Тарыхий жазууларда чиркөөнүн жанындагы көрүстөндө орун калбай калгандыктан, каза тапкандарды көчө боюна жашырышканы тууралуу маалыматтар айтылат. Кыязы, биз дал ошол жерди таптык”, - дейт.

Учурда археологдор 60дай мүрзөдөн 100гө жакын адамдын сөөктөрүнүн калдыктарын казып алышты. Изилдөөлөр мүрзөлөрдө бүтүн үй-бүлөлөр, балдары менен кошо көмүлгөндөр да болгонун белгилешти. Ал эми көрүстөн эпидемиядан кийин дагы XIX кылымдын башына чейин колдонулган.

Жоголуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөр

1,5 градустук глобалдык жылуу Тынч океандагы арал мамлекеттердин жок болуп кетишине алып келет. Бул жөнүндө Австралиядагы ири экологиялык Greenpeace Australia Pacific уюму The Guardian басылмасына билдирди. Уюмдун жаңы билдирүүсүндө Тынч океандын аймагы климаттык акыйкатсыздыкка туш болуп жатканы айтылат. Тактап айтканда, зыяндуу заттарды абага бөлүп чыгарууда Тынч океандын аймагы эң төмөнкү 0,23% көрсөткүчтү көрсөтүп турса да, климаттын өзгөрүүсүнөн олуттуу жапа чегип жатат.

Ал эми климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттердин тобу зыяндуу газдарды чыгаруунун санын эки эсе кыскартуу керектигин айтты. Абанын температурасынын жогорулашы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Ал эми бул океандагы арал мамлекеттерге коркунуч жаратат. Эксперттер бул ирет олуттуу коркунучка дуушар болгон өлкөлөрдүн атын аташты. Эгер суунун деңгээли мындан ары дагы көтөрүлө берсе, Кирибати, Вануату жана Соломон аралдары сыяктуу жерлер жашоо үчүн ылайыксыз болуп калышы мүмкүн.

Суу жээктеринде, ойдуңдарда жайгашкан 39 мамлекеттен турган альянс өнүккөн өлкөлөрдөн абанын температурасын 1,5 градустан жогору көтөрүлбөшү үчүн таасир этүүгө чакырды. Арал мамлекеттердин Альянсы Сингапур, Сейшель аралдары, Фиджи, Папуа-Жаңы Гвинея, Доминик Республикасы, Куба, Багама жана Белиз сыяктуу өлкөлөрдөн турат.

Тарыхый беттештин орду табылды

Түркиянын археологдору 1071-жылы түрк селжуктары менен византиялыктардын беттешүүсү болуп өткөн деген жерде казуу иштерин өткөрүштү. Алардын негизги максаты согуш болгон жерди так аныктоо эле. Казуу иштеринин натыйжасында жебелердин, найзалардын бөлүктөрү табылды. Бул ири изилдөөгө Түркиянын 10 университетинен 35 окумуштуу катышкан. Казуу иштеринин координатору, профессор Аднан Чевик мындан да көп тарыхий табылга таба алышарына ишенип турганын айтат. Археологдор изилдөө ишин Түркиянын Муш аймагындагы Малазгирт түздүгүндө өткөрүшкөн. Тарыхий беттеш дал ушул жерде болуп өткөнү айтылып келет.

Чевик Anadolu агенттигине берген маегинде: "Биздин эки максатыбыз бар. Биринчиси, тарыхый согуштун так жерин аныктоо. Экинчиси, согуш талаасынын археологиясынын усулдарын иштеп чыгуу",- деп билдирди. Анын айтымында, алгач бул аймакты магниттик сканерлөөдөн өткөрүшүп, кийин казуу иштерин башташкан.

Манцикерттеги беттеш 1071-жылы Византиянын аймагында түрк селжуктары менен Византия империясынын ортосунда болгон. Аскеринин санынын аз экендигине карабай, бул беттеште түрк селжуктары жеңишке жеткен. Бул беттеш дүйнө картасына таасирин тийгизген ири тарыхый окуя болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG