Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Пандемияда балдардын көрүүсү начарлады


Онлайн режимде окуп жаткан окуучу. Кыргызстан.
Онлайн режимде окуп жаткан окуучу. Кыргызстан.

Пифагор туулганга чейин миң жыл мурун эле вавилондуктар "пифагордук үчтүк" формуласын колдонушканы белгилүү болду. Пандемия балдардын көрүүсүнүн начарлашын шарттады. Суу алдында калган байыркы шаарга таандык себеттер жана жер-жемиштер табылды. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.

Мындан бир кылымдан ашуун убакыт мурун, 1894-жылы азыркы Ирактын аймагындагы байыркы вавилондук Сиппар шаарынан табылган чопо такталардын бетинде илим үчүн баалуу маалымат камтылганын эч ким этибар алган эмес. Стамбулдагы музейде сакталып турган бул чопо такталарды изилдеп жаткан австралиялык математик Дэниел Мэнсфилд кызыктуу ачылыш жасады. Аны өзгөчө Si.427 деп аталган такта кызыктырган. Дэниел Мэнсфилд тактанын бетиндеги сызыктар жөң гана чийме эмес, байыркы кадастрдык план экенин далилдей алды. Чопо тактада сатыкка коюлган талаанын планы тартылган деп ишендирет окумуштуу. Тактап айтканда, бул байыркы колдонмо геометриянын үлгүсү.

19-кылымда байыркы Сиппар шаарынын аймагынан миңдеген чопо такталар табылган. Алар 3700 жыл мурунку мезгилге таандык. Si.427 тактасы жөнүндө австралиялык окумуштуу археологдордун архивдик жазууларынан билген. Дэниел Мэнсфилд тактада жердин чегин аныктаган план тартылганын тастыктоо үчүн бир канча ай иштеген.

Эң кызыгы байыркы Вавилондун тургундары өз эсептеринде учурда “пифагордук үчтүк” деп аталган формуланы колдонушкан. Si.427 тактасы биздин заманга чейинки 1900-1600-жылдарга таандык деп эсептелет.Бул Пифагордун туулганынан дээрлик миң жыл мурунку чак. Демек, матемитка байыркы Вавилондо өнүккөн, ал эми анын тургундары ошол кез үчүн уникалдуу билимге ээ болгон. Si.427 тактасы эми колдонмо геометриянын эң байыркы үлгүсү болуп калды.

Пандемия балдардын көзүнүн бузулушун шарттады

Коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр балдардын монитор алдында көп убакыт өткөрүшүнө шарт түзүп, көздүн көрүүсүнүн бузулушуна алып келди. Гонконгдо жасалган изилдөө көрсөткөндөй, балдар канчалык таза абада аз убакыт өткөрүп, көзгө күч келтирген иштерди көп аткарган сайын миопия же алысты көрүүнүн начарлашы өрчүй берет. The Guardian маалымат басылмасына жарыялангандай, Гонконг окумуштуулары 6 жаштан 8 жашка чейинки балдардын эки тобун изилдөөгө алышкан.

Бирдей курактагы 120 000 баланы изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2020-жылы миопия 3 эсе көп жайылган. Тажрыйба жүргүзүү үчүн окумуштуулар 2015-жылы жана 2020-жылдын январь айында тандалган мектеп окуучуларынын эки тобун салыштырышкан. Алгачкы топ 3 жылдан кийин, экинчи топ 8 айдан кийин текшерүүдөн өтүшкөн. Пандемия учурундагы 709 окуучу менен пандемияга чейинки 1084 окуучунун жыйынтыгы көздүн кескин начарлашы пандемия учурундагы балдардын тобунда көп болгондугун көрсөткөн. Тактап айтканда, пандемияга чейин балдар арасында миопия 3 жыл бою өрчүп отурган. 3 жылдагыдай абалга пандемия учурундагы балдар 8 айда эле жеткен. Ошондой эле, изилдөөчүлөр таза абада убакыт өткөрүү 75 мүнөттөн 24 мүнөткө кыскарганын, экран алдында убакыт өткөрүү 3,5 сааттан 8 саатка көбөйгөнүн эсептешти.

Онлайн сабактын кесепети он жылда билинет
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:44 0:00

Изилдөөнүн тең автору, Гонконг университетинин профессору Жейсон Ям билдиргендей, таза абада көп убакыт өткөрүү миопияга чалдыгуу тобокелдигин азайтат. “Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам, сыртка чыгууга чектөөлөр киргизилип, балдар имараттын ичинде көп убакыт окууга, жазууга, телевизор көрүүгө, смартфондордо отурууга мажбур болушту”, - дейт окумуштуу.

Суу түбүндө сакталып калган байыркы жемиштер

Гераклион – Искендер Зулкарнайн Александрия шаарын негиздегенге чейин Орто Азиялык деңиздеги египеттик ири порт болгон. Биздин заманга чейинки II кылымда Гераклион суу астында калып, биздин заманга чейинки VIII кылымда дагы терең чөгө түшкөн. Шаар 2000-жылы гана табылган. Ошол мезгилден бери бул шаарга таандык байыркы грек тилиндеги жазуусу бар тактайлар, айкелдин бөлүктөрү сыяктуу табылгалар табылды.

Бул ирет Суу алдындагы археология боюнча европалык инситуттун археологдору биздин заманга чейинки IV кылымга таандык жер-жемиштер салынган себетти тапты. Тактап айтканда, майлуу үрөнү бар пальманын мөмөлөрү, жүзүмдүн данектери салынган өрүлүп жасалган себет, күзгү, импорттук керамика табылды. Себеттер жердин алдында болгондуктан, жакшы сакталып калган.

Улам табылып жаткар артефакттар байыркы шаарды кенен изилдөөгө шарт түзөт. Археологдордун алдында дагы чоң иштер турат. Себеби, учурда бул аймактын 3% гана изилденди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG