Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга сурак берди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) Кумтөр иши боюнча сурак берип чыкты. Ал 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштери боюнча суракка чакырылган. Атайын кызмат Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ошондой эле "кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөөдө аныкталган бардык айыпталуучуларга ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабай укуктук баа берилери" жазылган.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалышкан. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG