Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

COVID-19: Бир бейтапты дарылоого бюджеттен 2 миңден 38 миң сомго чейин кетүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыгып, мамлекеттик ооруканага түшкөн бейтапты дарылоо курсуна өкмөт бюджеттен 2 миң сомдон 38 миң сомго чейинки өлчөмдө акча коротуп жатканы белгилүү болду.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева “Азаттыкка” 12-августта билдиргендей, бул дары-дармек жана анализге кеткен гана каражат:

“Бир бейтаптын дарылануу курсуна кеткен акча. Дары-дармегине, анализдерине гана. Бир курс орточо 10 күн түзүүдө”.

Оорусу жеңил бейтаптарга бир курс үчүн кеткен акча 1951 сом, абалы ортолорго 4670 сом, абалы оорлорго 18 329 сом жана абалы өтө оор бейтаптарга 37 843 сом коротулууда. Мындай сумма алты оорукананын мисалында эсептелип чыкканы айтылды. Жалпысынан коронавируска чалдыккан бейтаптар 80ге чукул ооруканада дарыланууда.

Бюджет эл төккөн салыктан куралат.

Өкмөт коронавирусту алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылууда. Вакцинанын бир нече түрүн бекер алуу шарты бардык аймактарда түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG