Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Швеция: аскер кылмыштарына айыпталган ирандыктын соту башталды


Мурдагы ирандык прокурор Хамид Нури.
Мурдагы ирандык прокурор Хамид Нури.

1988-жылкы Ирандагы аскердик кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деп айыпталып жаткан мурдагы ирандык прокурордун соту Швецияда 10-августта башталды.

33 жыл мурда Иранда бийликтин буйругу менен беш миңдей саясий туткун дарга асылган. Швед айыптоочуларынын жүйөсүнө караганда, Хамид Нури ал кезде Гохардашт түрмөсүндөгү прокурордун кеңсесинде иштеген жана жырткычтык аракеттерге тиешеси болушу ыктымал.

Нури өзү мындай дооматтарды четке кагып жатканын анын адвокаты 10-августта билдирди. Швед мамлекеттик телекомпаниясы кабарлагандай, 60 жаштагы Нури 2019-жылы Швецияга келгенде кармалып, ошол бойдон камакта.

Швециянын мыйзамдары адам өлтүрүү же аскердик кылмыш сыяктуу олуттуу айыптоолорго кабылгандарды ал кылмышты кайда жасалбасын соттоого мүмкүнчүлүк берет.

10-августта башталган сот жараяны кийинки жылдын апрелине чейин уланары күтүлүп жатат. Жакынкы үч күн ичинде сот ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG