Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Кыргызстанда иран тектүү британиялык альпинист изделүүдө


Мехри Жафари (сүрөт Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).
Мехри Жафари (сүрөт Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).

Иран тектүү британиялык альпинист Мехри Жафари Кыргызстандагы Жеңиш чокусунун аймагында изделип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ак-Сай Тревел" туристтик компаниясынын кызматкери билдирди.

"Жафаринин тирүү же каза болгону азырынча белгисиз. Аны менен кошо жоголгон Саид Мирзаи аттуу дагы бир альпинист алты миң метрден ашык бийиктиктен Кытайдын аймагына кулап түшкөнү божомолдонууда. Чокуга жакын аймакта тик учак менен издөө иштери уланууда".

Иранда жарыяланган Tehran Times гезити 8-августта Жафари каза болгонун жазып, издөө иштери уланууда деп кабарлады. Акыркы ирет Жафари менен байланыш 4-августта Жеңиш чокусуна чыгып бара жатканда болгон.

Мехри Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасында анын туугандары 8-августтан тарта "Мехрини табууга жардам бериңиздер" деген кайрымдуулук акциясын баштады.

2008-жылы Жафари Хан-Тенгри чокусуна чыккан биринчи аял альпинист болгон.

Анын теги ирандык, Лондондо билим алып, Британияда жашайт.

Жеңиш чокусуна чыгуу боюнча Кыргызстанда бир нече туристтик компаниялар иш алып барат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG