Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Токио-2020: Атаандашы башка тепкен ирандык спортчуга алтын медал берилди

Карате боюнча Токио Олимпиадасынын (кумите, +75 кг.) байге ээлери ирандык Саджад Ганжадзе (алтын), Сауд Арабиялык Тарег Хамеди (күмүш), жапониялык Рутаро Агара жана түркиялык Угур Актас (коло). 7-август, 2021-ж.

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында карате боюнча мелдеште Ирандын спортчусу Саджад Ганжадзе алтын медал алды (кумите, +75 кг).

Медал ага атаандашы - Сауд Арабиялык Тарег Хамеди тыюу салынган ыкманы колдонуп, башка тепкени үчүн оюндан четтетилгенинин натыйжасында берилди. Ага чейин Хамеди Ганжадзени 4:1 эсебинде утуп келе жаткан.

Башына тепки жеген ирандык спортчуну аренадан замбилге салып көтөрүп кетишти.

Карате боюнча Жапониянын спортчусу Рутаро Агара менен Түркиянын оюнчусу Угур Актас коло медал алышты.

Карате Олимп оюндарынын тизмесине быйыл гана киргизилген. Бирок 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиаданын күн тартибинде жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG