Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү шайланды


Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын имараты.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын имараты.

Он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы 14 академиги шайланды. Арасында Сыртбай Мусаев, Осмонакун Ибраимов, Осмон Тогусаков, Абылабек Асанканов, Чолпонкул Арабаев өңдүү окумуштуулар бар. Алар учурдагы 29 академиктин катарына кошулду.

Ошондой эле, академиянын 35 корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Алардын катарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, юрист-окумуштуу Бекбосун Бөрүбашев жана башкалар бар. Философия багытында эч ким өтпөй калды.

Учурда 34 корреспондент-мүчө бар, аларга жаңылар кошулат.

Академик жана корреспондент-мүчө деген илимий наамдарга шайлоо 5-августта өттү. Улуттук илимдер академиясындагы бул наамдарга 127 талапкер катталган.

Академиянын президенти Мурат Жуматаев буга чейин «Азаттыкка» билдиргендей, төрт жыл сайын жарыялануучу шайлоо эки жолу өтпөй калгандыктан, дээрлик 11 жылдан бери академияда илимий наамдар үчүн бош орундар көбөйгөн.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. (KAz\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG