Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

ЕККУ Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзбөйт


Маттео Мекаччи. ЕККУнун  адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросунун башчысы.
Маттео Мекаччи. ЕККУнун  адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросунун башчысы.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Орусиянын Мамлекеттик думасы менен Федералдык кеңештин шайлоосуна байкоочуларды жибербейт.

ЕККУ 4-августта Орусиянын бийлиги пандемияга байланыштуу деген негиздеме менен шайлоого карата байкоочулардын санын чектеп салганын билдирди.

“Биз алдыдагы Орусиянын шайлоосуна байкоо жүргүзө албай турганыбызга абдан өкүнөбүз. Орус бийлигинин байкоочулардын санын кескин кыскартуу боюнча көшөргөн талабы бизди биротоло байкоо жүргүзүүдөн баш тартууну караган кадамга барууга аргасыз кылды”, – деди ЕККУнун Адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросунун башчысы Маттео Мекаччи.

ЕККУ дүйнөдө шайлоолордун кандай өтүшүнө байкоо салып, ага мүчө 57 мамлекетте шайлоо мыйзамдарынын сакталышына узак мөөнөткө көз салчу эксперттерин жиберет. Мындан сырткары бул уюм шайлоолор өткөн күнү ага кыска мөөнөттөгү байкоочулардын миссиясын дагы даярдайт.

Быйыл 19-сентябрда Орусиянын парламентинин эки палатасына – Федералдык жыйынга жана Мамлекеттик думага депутаттардын шайлоосу дайындалган. Мындан сырткары 39 аймактык кеңештерге шайлоо өтүп, тогуз аймактын губернатору дагы тандалат.

ЕККУ Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырылган. Бирок Кремль пандемияга байланыштуу байкоочулардын санын 60 адамга чейин кыскартып салды.

ЕККУ "Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө кеминде узак мөөнөткө 80 жана кыска мөөнөткө 420 байкоочулардан турган миссияны даярдоо керек" деген сунуш берген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG