Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Bellingcat: ФСБ тыңчылары беларус оппозициясына аралашкан 


Орусия. Москва. ФСБнын штаб-квартирасы.
Орусия. Москва. ФСБнын штаб-квартирасы.

Bellingcat тобунун иликтөө бөлүмүнүн башчысы Христо Грозев "Эхо Москвы" радиосуна курган маегинде “Украинадагы беларус үйү” коомдук уюмунун башчысы Виталий Шишовдун өлүмүнүн себептерин иликтөөгө бардык ресурстар жумшаларын убада кылды.

Киевде 2-августа “Украинадагы беларус үйү” коомунун башчысы Виталий Шишов дайынсыз жоголгон. Анын асылган абалдагы жасаты Киевдеги ал жашаган жерден алыс эмес жердеги гүлбактан табылган. Анын жүзүндө ур-токмоктун белгилери болгон. Бул тууралуу Киевдин Улуттук полиция башкармалыгы кабарлаган.

Полициянын маалыматы боюнча беларус активистинин уюлдук телефону жана жеке буюмдары жоголгон эмес.

Киевдин Улуттук полиция башкармалыгы Жазык кодексинин атайылап адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, ыкчам, иликтөө-тергөө амалдарын баштады.

Bellingcat тобунун иликтөө бөлүмүнүн башчысы Христо Грозев бул кокустук эмес экенин айтты. Ал Орусиянын ФСБ тыңчыларынын тармагы Украинада кеңири кулач жайып, беларустун оппозициялык топторунун арасына киргизилгени тууралуу маалыматтар бар экенин белгиледи. Ошондуктан ал Шишовду өлтүрүү фактысынын аркасында тургандардын изин табууга болгон күч-аракеттер жумшаларын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG