Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Токио-2020: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты


Акжол Махмудов атаандашы Ламьед Маафини 11-0 эсеби менен утту.
Акжол Махмудов атаандашы Ламьед Маафини 11-0 эсеби менен утту.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов азербайжандык атаандашы Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Биринчи күрөшүндө тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт.

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай калды. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес. Ал жылы декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алгачкы атаандашына жеңилип байгесиз калган.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG