Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Беларус спортчусу Олимпиададан чыгарылып, аэропортко жеткирилди


Беларус спортчусу Кристина Тимановская күчтөп Токиодогу аэропортко жеткирилгенин билдирди. 1-август, 2021
Беларус спортчусу Кристина Тимановская күчтөп Токиодогу аэропортко жеткирилгенин билдирди. 1-август, 2021

Токиодогу Олимпиадага катышканы барган беларустук спортчу Кристина Тимановская "Фейсбукка" машыктыруучуларынын чечимин сындап жазгандан кийин оюндардан чыгарылып, күчтөп аэропортко жеткирилгенин интернетке жарыялады.

1-августта жарыялаган постунда ал Токиодогу аэропортто жапон полициясынан жардам сурап, учакка түшпөй калып калганын билдирди. Ал Беларуска кайтып барууну каалабай турганын белгилеп, Эл аралык Олимпиада комитетине анын жагдайына кийлигишүүнү өтүнүп кайрылды.

Тимановская 2-августта 200-метрлик жарышка катышмак. Бирок жекшембиде ага Беларустун Олимпиададагы спорт өкүлдөрү келип шашылыш буюмдарын чогултуп, аэропортко кетээрин айтышкан. Спортчу мурунку күнү "Фейсбуктагы" постунда машыктыруучулары анын мелдештер жадыбалын өзгөртүп, оюнга катыша албай калган башка спортчулардын ордуна кошумча мелдешке чыгарганына нааразычылык билдирген.

Беларустук делегация Тимановская "эмоционалдык, психологиялык акыбалына" байланыштуу догдурлар тарабынан Олимпиадага катышпоого кеңеш алганын билдиришти. Спортчу өзү Австриядан башпаанек сураганга даярданып жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG