Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Ак-Сайда үйлөр курула баштады


Ак-Сай. Жаңы курулуп жатан үй
Ак-Сай. Жаңы курулуп жатан үй

Баткендин Ак-Сай айылында апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта өрттөлгөн тогуз үйдүн курулушу башталганын облустук бийликтин малымат кызматынан 1-августта “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

Бийликтин маалыматына караганда, Баткен районунун аймагындагы төрт айылда өрттөлгөн үйлөрдүн курулушу 31-авгутска чейин аяктайт. Учурда куралма үйлөрдү Түркиядан ташып келүү уланып жатат.

Баткен районунун Ак-Сай, Достук айылынын тургундары 22-июлда куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрүн калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жатканынан нараазылыкка чыгышкан. Суук түшкөнгө чейин тездетүү талабы менен облустук администрацияга чогулушкан. Алар үйлөрдүн пайдубалдары тургузулуп, иш ошол боюнча токтоп калганын, курулуш жай жүрүп жатканын айтып, министрлер кабинетинин төрагасына да даттанышкан.

Лейлек районуну Максат айылында куралдуу жаңжалда өрттөлгөн 80ден ашык үйдүн 70 пайызынын курулушу бүткөн, калгандары жакынкы он күн аралыгында аяктары маалымдалган.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.

Бул окуяда Баткенде 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жарактан чыккан үйлөр ишкерлердин жардамы менен курулууда.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG