Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Жогорку Кеңеш кезексиз сессиясын жыйынтыктады


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы аяктады. 29-июлдагы жыйында парламент төрагасы Талант Мамытов кайрылуу жасап, президент жана Министрлер кабинети сунуштаган бир топ мыйзамдар кечиктирилбей кабыл алынганын айтты.

“Кезексиз сессияда кабыл алган мыйзамдар менен азыркы экономикалык кризистен, катаал кырдаалдан батыраак чыгууга аракет кылдык. Бул иштер элдин кызыкчылыгы үчүн, кабыл алган мыйзамдар эл үчүн иштейт”, - деп депутаттарга ыраазычылык билдирип, сессияны жыйынтыктады.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышмак. Бирок парламент июль айында бир нече кезексиз жыйынга чогулду. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

2020-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп, жаңы парламент келмек. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык элдик толкундоолорго айланып, бийлик алмашкан. Андан кийин парламент жалпы чечим менен кийинки чакырылышка чейин ишин улантууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG