Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Орусия: полиция «Яблоконун» талапкерин кармады


Кирилл Гончаров. "Яблоко" партиясынан Мамдумага депутаттыкка талапкер.
Кирилл Гончаров. "Яблоко" партиясынан Мамдумага депутаттыкка талапкер.

Москвада полиция «Яблоко» партиясынан Мамдумага депутаттыкка талапкер Кирилл Гончаровду жана анын шайлоо штабынын эки кызматкерин Дорогомилово районундагы жашоочулар менен жолугушууда кармады.

Аларды алгач полиция бөлүмүнө алып барышып, Гончаревго майда бейбаштык боюнча протокол түзүп, кечинде коё бергени кабарланды.

Анын шайлоо штабынын эки кызматкери таңга маалга чейин полиция бөлүмүндө калган. Аларга «бийлик өкүлүнө баш ийбөө» беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" кабарлады.

«Биз Резервный көчөсүндө коммерциялык компания мыйзамсыз тосмо орнотуп, расмий документалдык уруксаты жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерде жолугушуу өткөрүп жатканбыз», - деп талапкер Кирилл Гончаров "МБХ- медиага" аны кармап кеткен жыйындын төркүнү тууралуу комментарий берди. Ал жашоочулар менен биргеликте тосмону бузууга аракеттенип жатканда полиция аны менен кошо шайлоо штабынын эки кызматкерин кармап кеткенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG