Легендарлуу парламенттин депутаты, "Кумтөр" боюнча биринчи парламенттик комиссиянын төрагасы, академик Шергазы Мамбетов 85 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Айрым маалымат каражаттары ал пневмониядан улам дүйнөдөн кайтканын жазды.
Техника илимдеринин доктору, тоо инженери Шергазы Мамбетов Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Кесиби боюнча илимий багытта иштеп, 1990-1995-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Эл агартуунун отличниги наамы, профессор даражалары ыйгарылган.
Сөөгү 21-июлда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Facebook шеринеси