Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Малинин убактылуу президентине кол салуу болду


 Ассими Гоита
Ассими Гоита

Малинин убактылуу президенти Ассими Гоитага бычак менен куралданган эки адам кол салды. Окуя 20-июлда өлкө борбору Бамакодогу мечиттердин биринде Гоита айт намазын окуп жатканда болгон. Күбөлөр шектүү убактылуу президентке бычак саюуга аракет кылганын айтып беришти. Бирок жаңылыш шилтеп, башка адамды жарадар кылган. Кол салуудан Гоита жабыркаган эмес.

Полковник Гоита 2020-жылы Малидеги аскердик төңкөрүштү башкарган. Ошол жылы августтагы төңкөрүштө аскерлер президентти кулатышкан. Убактылуу президент катары Ба Ндао өлкөнү башкарып жаткан. Бирок аскерлер быйыл майда аны камакка алып, ордуна Ассими Гоита убактылуу жетекчи катары иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG