Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Лейлекте сел агызып кеткен тургун каза болду


Баткендин Лейлек районунда 19-июлда сел агызып кеткен бир адам каза болду. Ал 16 жаштагы жергиликтүү тургун экенин, сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кечке жуук жаап өткөн жамгырдан кийин Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарынын конуштарында сел жүргөн. Турак-жайлардын короолорун, жолдорду жана көпүрөлөрдү суу каптаган. Лейлекте 25 үйдүн ичине суу кирген.

Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясынын адистери иштеп жатышат.

12-июлда Аксы районунда селдин кесепетинен сегиз адам көз жумган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG