Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Тажикстанга аткезчилик менен көмүр ташып бараткандар кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кармаган жүк ташуучу автоунаа.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кармаган жүк ташуучу автоунаа.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендин Лейлек районунда аткезчилик менен көмүр ташып баратып кырсыктаган жүк ташуучу автоунаа тууралуу түшүндүрмө берди.

Расмий маалымат боюнча, кыргызстандык чек арачылар Лейлек районунун Кароол-Дөбө участкасында өткөрүү пунктунан тышкары кетип бараткан жүк ташуучу автоунааны көрүшкөн.

Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу үчүн асманга эскертүү иретинде ок чыгарылган. Айдоочу алардан качып баратып машинасы оодарылып кеткен. Кармалган айдоочу менен жүргүнчү Кыргызстандын жарандары.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болгон.

Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан. Качан ачылары жөнүндө маалымат жок. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG