Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Кыргызстанда 332 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды


18-июлда кечки саат сегизге карата Кыргызстанда 332 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 96 миңге жакыны вакцинанын эки дозасын тең сайдырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасы кабарлады. Учурда запаста 1 миллион 187 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Эмдөө негизинен Sinopharm жана Sputnik-V вакциналары менен жүрүүдө. 17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Бейтапканалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрүн ачууда.

Вакцина бир адамга эки дозада сайылат. Эки дозанын ортосу - 21 күн.

Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырган. Омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлагандай, вакцинаны милдеттүү түрдө алууга мажбурлап жатышканы тууралуу арыз-дооматтар көбөйгөн.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 150 минге чамалап калды. 18-июлдагы эсепке ылайык, оорудан 2 175 адам көз жумду. (SE)

"Вакцина - чип эмес". Бишкектеги эмдөөнүн жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG