Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

COVID-19: дагы 11 адам көз жумду, вирус 1287 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 19-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Чүй, Талас облустары менен Ош шаарындагы ооруканаларда жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 186​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 287 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 917 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 150 316 адамга жетти. Андан 126 450 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 704 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 195 бейтаптын абалы өтө оор, 1 430 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 23 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 189 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 409у сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG