Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Түркия Орхан Инандыга "террордук уюмду башкарган" деп айып койду


Орхан Инандыны колдоо акциясы. Бишкек, Кыргызстан
Орхан Инандыны колдоо акциясы. Бишкек, Кыргызстан

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга Анкара прокуратурасы "террорчул уюмду башкаруу" беренеси боюнча айыбын угузду. Прокурорлор аны 15 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги билдирди.

Айыптоо корутундусунда ошондой эле, Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону, кыймылдын жетекчилери менен тыгыз мамиледе иш алып барганы жана Түркиядан чет өлкөгө качкан кишилерге жарандык алууга көмөктөшкөнү жазылган.

Инандыга тагылган айып боюнча анын адвокаттары комментарий бере элек.

2021-жылы 5-июлда президент Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылуусунда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин жарыялаган. Инанды Бишкекте 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген. Дал ушундай жүйө менен Бишкекте бир нече күн Инандынын тарапкерлери акцияларды өткөрүштү.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз "Азаттыкка" берген маегинде аны Бишкектен "кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын", эртеси күнү Түркияга алып келишкенин маалымдаган. Ал Инанды өзүн күнөөсүз деп эсептерин, тергөө менен кызматташуудан баш тартканын да кошумчалаган.

2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракети үчүн Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн түрк өкмөтү бозгундагы диниятчынын өткөрүлүп берилишин АКШдан талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG