Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Украина: Жогорку Рада Аваковдун отставкасын кабыл алды


Арсен Аваков
Арсен Аваков

Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваковду кызматтан кетирүүгө макул болду. Ал бул кызматты жети жылдан ашык ээлеп, Украинадагы эң таасирдүү саясатчылардын бири катары таанымал.

Аваков кызматтан кетүү боюнча арызды 13-июлда жазган. Ал командасына ыраазычылык билдирген, бирок чечимин түшүндүргөн эмес. Саясатчынын арызын Жогорку Рададагы 291 депутат колдоп, жети депутат каршы болду.

57 жаштагы Арсен Аваков мурда банкир, Харьков облусунун жетекчиси жана Жогорку Радада депутат болгон. Ички иштер министри болуп 2014-жылдын 27-февралында, ошол кездеги бийлик алмашкан учурда келген. Петро Порошенко президенттиктен кеткенден кийин да министрлик ордунда калган.

Аваков украин өкмөтүндөгү эң таасирдүү министрлердин бири деп саналган. Бирок ишмердиги көп сын-пикирлер менен коштолду. Полициянын ийгиликсиз реформасы, оппозициянын жана активисттердин артынан сая түшүү, резонанс жараткан адам өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыш иштеринин ачылбай калышынан улам ага коомчулукта көп нааразылыктар айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG