Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

"Бир дүйнө Кыргызстан" президентке кайрылды


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Бүгүн, 12-июлда "Бир дүйнө Кыргызстан" бейөкмөт уюму президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Анда бийлик менен бейөкмөт уюмдар пайдалуу диалог куруп, кимдир бирөөлөрдү улутуна карата, же гендердик басмырлоого албай, тең укуктуу, эркин жарандык коом түзүү сунушу жазылган.

Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова быйыл күз айларында гендердик теңчилик, адилеттүүлүк, укуктук мамлекетти түзүүдөгү реформалар тууралуу бийлик менен Улуттук диалог-форум түзүүнү сунуштаган.
Кайрылууда бейөкмөт уюмдардын өлкөдөгү ролу, демократиялык түзүмдөрдү сактоодогу орду тууралуу айтылган.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна 7-июлда кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

Кошмо Штаттары Кыргызстанда мамлекеттик эмес уюмдарды отчёт берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынганына камтамачылык билдирген.

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG