Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Италия футболдон Европа чемпиону болду


Италия курама командасы жеңишин майрамдап жатат.
Италия курама командасы жеңишин майрамдап жатат.

Англичандар эсепти экинчи эле минутада ачышты. Тагыраагы, оюн башталгандан 1 минута 57 секундда өткөндө эле Люк Шоу тепкен топ италиялыктардын дарбазасынан ордун тапты. Андан кийин Италия үстөккө-босток чабуулга өттү.

Оюнда жалпысынан алар топко англичандарга караганда көбүрөөк ээлик кылышты. Эсепти италиялыктар экинчи таймдын 67-минутасында гана теңдешти. Леонардо Бонуччи тепкен топ менен оюндун негизги бөлүгү тең-тең жыйынтыкталды. Кийин кошулуп берилген 30 минуттук экстра-тайм дагы абалды өзгөрткөн жок.

Европанын чемпиону ким болоорун пенальти гана аныктады.

Италиялыктар командасынын жеңишин кызуу майрамдады. Рим, 2021-жылдын 11-июлу.
Италиялыктар командасынын жеңишин кызуу майрамдады. Рим, 2021-жылдын 11-июлу.

Айтып коё турган нерсе - Англиянын тренери Гарет Саутгейт оюндун акыркы 120-минутасында Маркус Решфорд менен Жейдон Санчону чыгарган. Ал эми 70-минутада 19 жаштагы Букайо Сака оюнга киришкен. Дал ушул алмаштырылган үч оюнчу тең пенальтиде гол киргизе алышкан жок. Эң эле талаштуу талкууга айланганы - колго жеңиш тийе турган акыркы пенальтини эмне себептен башкы машыктыруучу Гарет Саутгейт өмүрүндө бир да жолу чоңдор арасындагы оюнда пенальти тээп көрбөгөн 19 жаштагы Букайо Сакага жүктөгөнү болуп жатат.

Европанын чемпиону ким болоорун пенальти гана аныктады.

Эсеп ошону менен 3:2 болуп, Италия футбол боюнча Европанын чемпиону болуп калды. Италия ушуну менен Европа чемпиондугун экинчи ирет жеңип алды. Биринчи жолу 1968-жылы мелдешти уткан.

Европанын чемпиону ким болоорун пенальти гана аныктады.
Европанын чемпиону ким болоорун пенальти гана аныктады.

Англия акыркы 25 жылда биринчи ирет финалга чыкты. Негизи футболдун мекени деп аталган бул мамлекет Европанын бир да жолку чемпиону боло элек эле. Ошентсе дагы адистер кийинки дүйнө чемпионатында Англия курамасы байге үчүн башкы талапкер экенин белгилешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG